Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

БШК “Өнүгүү-Прогресстеги” мандат талаш маселесин чече алган жок


Борбордук шайлоо комиссиясы.
Борбордук шайлоо комиссиясы.

Бишкек шаардык кеңешиндеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясында мандат талаш чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-июлда бул партиядан депутаттыкка талапкер болгон Эдик Досиевдин арызын үчүнчү жолу карап, орток пикирге келе алган жок.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 2016-жылкы шайлоодо "Өнүгүү-Прогресс" фракциясына сегиз мандат тийген. Фракциянын депутаты Аликбай Сариев Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Карганбек Самаков менен чогуу соттолгондон кийин анын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, орду бош калган эле. Тизмедеги кезекке ылайык, мандат Эдик Досиевге берилиши керек болчу. Бирок партиянын саясий кеңеши мандатты 23-орунда турган Аллаберди Парпиевге берүүнү чечкен. Досиев буга байланыштуу БШКга арыз менен кайрылган.

Досиев 2016-жылы эле депутат болуп келмек болгонун, бирок партиянын сунушу менен эки орунга артка жылганын, эми болсо мандат алуу кезеги келгенин айтып арызданып жатат.

Бул талаштуу жагдай тууралуу "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жетекчилиги, саясий кеңеши эмгиче түшүндүрмө бере элек. Жогорку Кеңештеги аталган фракциянын депутаты Мирлан Бакиров "кимге мандат берилерин партия өзү чечет" деп түшүндүрүп жатат. (ЕВМ/КЕ)

XS
SM
MD
LG