Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Коррупциялык иштер үчүн ачылган эсепке 235 млн. сомго жакын акча түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупциялык иштер үчүн ачылган атайын эсепке 31-июлга карата 234,8 млн. сом которулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Анын маалыматына караганда, эсепке түшкөн каражаттын 63,3 миллион сомун Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол), 111,6 млн. сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) которгон. Ал эми Башкы прокуратура которгон каражаттын суммасы 59,6 млн. сомду түзсө, Ички иштер министрлиги 533 миң сом төктү.

Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууну буюрган. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин алдында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Бул эсепке Башкы прокуратура, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция), Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) коррупционерлерден кайтарылган каражатты топтошу керек. Бул акча өкмөттүн негизделген чечими менен кайра бөлүштүрүлөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG