Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:52

Мэр шайлоо мыйзамы боюнча коомдук угуу өтөт


Бишкек шаарынын мэриясы.
Бишкек шаарынын мэриясы.

"Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу 6-августта Бишкектеги "Парк Отель" мейманканасында белгиленген.

Коомдук угууга саясатчылар, жарандык активисттер жана мыйзам долбоордун демилгечилери, Борбордук шайлоо комиссиясы, президенттик администрациянын, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкер Азиз Суракматов да чакырылган.

Мыйзам долбоор тууралуу анын демилгечилеринин бири, "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев баяндама жасайт.

Иш-чараны "Демократия үчүн коалициясы", "Биздин укук" коомдук фонду жана "Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмдары биргелешип уюштурууда.

Бишкек шаарынын мэри кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, жалгыз Азиз Суракматов гана арызын тапшырган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген.

Ошол күнү талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет” деген чечимин чыгарды. Башкалаанын мэри кызмат оруну Албек Ибраимов иштен алынгандан бери бош турат. (NT)

XS
SM
MD
LG