АКШ менен Түркиянын тышкы иштер министрлери 3-августта Сингапурда кездешип, эки өлкө ортосундагы санкцияларга себеп болгон маселелерди чечүүнүн жолдорун талкуулашты. Түркиянын башкы дипломаты Мевлют Чавушоглу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен "конструктивдүү" жолугушуу болгонун билдирди.
1-августта АКШнын Финансы министрлиги Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы "башкы ролу" үчүн санкция салган. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун бул кадамын айыптап, "тез арада жооп кайтарууга" убада берген.
Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып коюлган. Өзүнө тагылган айыптарды четке каккан пастор 25-июлда үй камагына чыгарылган болчу.
Түркия АКШны түрк диниятчысы Фетхулла Гүленди өткөрүп бербегени үчүн да сындап келет. Мындан тышкары НАТОдогу бул эки өнөктөштүн ортосунда Сирия маселеси боюнча да пикир келишпестиктер бар.