Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Өзбекстан: шектүүнү өз алдынча жазалаган дагы бир окуя катталды


Интернетке тараган видеодон алынды.
Интернетке тараган видеодон алынды.

Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан Республикасынын Беруни районундагы базарда уурулукка шектүү катары кармалган уланды соодагерлер өз алдынча жазалаганы ачыкка чыкты. Алар шектүүнүн колунан байлап, базардын кире беришиндеги дарбазага асып коюшкан.

Соодагерлер жигитти жазалап жатканы тартылган видео 2-августта жергиликтүү Kun.uz сайтына жарыяланды. Видео чыккандан бир нече сааттан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги окуя боюнча комментарий берди. ИИМдин маалыматы боюнча 1-августта жергиликтүү базарда У.А. аттуу жаран бир баланы "уурулук кылды" деп айыптап, аны өз алдынча жазалаган. Ал жаранга карата «Өзүм билемдик» беренеси менен кылмыш иши козголду. Базардагы уурулукка баланын тиешеси бар-жок экени текшерилип жатат.

Бул Өзбекстандын базарларында уурулукка шек саналгандарды адамдар өз алдынча жазалаган алгачкы учур эмес. Былтыр октябрда Үргөнч шаарындагы базарда сатуучулар жаш кызды ууру деп айыптап, аны өз алдынча жазалап жатканы тартылган видео Интернетке тарап кеткен. Анда сегиз аял кызды чечинтип, сабап жатканын көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG