Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Токтогазиев: Агрардык тармакты өнүктүрүүнүн жалгыз жолу жаңы технологияларды тартуу


Күнөсканалар ассоциациясынын башчысы Тилек Токтогазиев.
Күнөсканалар ассоциациясынын башчысы Тилек Токтогазиев.

Күнөсканалардын ассоциациясынын башчысы Тилек Токтогазиев Кыргызстандын айыл чарбасы терең кризиске учурап жатканын жана агрардык тармакты өнүктүрүүнүн жалгыз жолу жаңы технологияларды тартуу экенин маалымат жыйында айтты.

- Биз Кыргызстан агрардык өлкө деп айтып көнүп калганбыз, бирок чындыгында андай эмес, себеби биз импортко көз карандыбыз. Өзбекстанда айыл чарба өзгөчө салттуу ишмердиктин түрү болуп эсептелет, анүстүнө ал жактын климаты өзгөчө. Казакстанда субсидиянын өлчөмү жогору, Кытай айыл чарба продукцияларын ири көлөмдө өндүрөт. Кыргызстанда ири субсидия берилбейт, климатыбызды да өзгөртө албайбыз. Түшүмдүн көлөмүн көбөйтүш үчүн жаңы технологияларды колдонуудан башка аргабыз жок.

3-августта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын алты айлыгынын жыйынтыгын чыгарып жатып, айыл чарба секторунда өсүш 1,6 пайызды түзгөнүн маалымдаган. “Айыл чарбасын каржылоо-6” долбоору боюнча алты ай ичинде республикалык бюджеттен 4,7 миллиард сом бөлүнгөн. (KR)

XS
SM
MD
LG