Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Депутаттар мэрге калпак-чапан берүүнү токтотот


Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жарандардын сын-пикирлеринен улам мындан ары баш калаанын башчысына калпак, чапан кийгизүү салтын токтотот. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев 6-августта мэр шайлоого байланыштуу уюштурулган тегерек үстөлдө айтты.

Жыйынга катышкандардын айрымдары депутаттар шаар тургундарынын ой-пикирлери менен эсептешпей, өздөрү каалаган кишини калаанын башчылыгына алып келип, калпак-чапан кийгиип жатышканын сындады.

Баш калаада бүгүн "Шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу да өтүп жатат. Жарандык активисттер жана бийлик өкүлдөрү катышкан жыйында мэрди эл шайлашы керек экендиги, мурункулардын кемчиликтери талкууланып, сунуштар айтылууда. Тегерек үстөл Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдин демилгеси менен уюштурулду. Ал жергиликтүү бийлик башчыларын түз шайлоо аркылуу тандоону сунуш кылып атат.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматов гана арыз берген. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды.

Бишкек шаардык кеңешинде мэрди шайлоо 8-августка белгиленген.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG