Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:26

Орусиялык спортчу өзбек жарандыгын алды


Забелинская (солдо) америкалык спортчу менен.
Забелинская (солдо) америкалык спортчу менен.

Орусиялык велоспортчу, Олимпиаданын жана эл аралык таймаштардын жеңүүчүсү Ольга Забелинская Өзбекстандын жарандыгын алды. Орусиянын Велосипед спорту федерациясы анын орус жарандыгынан баш тартканына тынчсызданып, нааразылык билдиргенин "Интерфакс" кабарлады.

- Бул чечими бизге жагымсыз сюрприз болду. Биз Забелинскаяны башка мамлекеттин желегин көтөрүп таймаштарга катышуусуна уруксат берүү мүмкүн эмес деп эсептейбиз, - деди аталган федерациянын президенти Вячеслав Екимов.

Маалыматта Орусия мамлекети Забелинскаянын спортчу катары өнүгүшүнө чоң салым кошкону да белгиленип, спортчу кыз-келиндердин лидерлеринин бирине айланганы айтылат.

38 жаштагы спортчу 2012-жылкы Олимпиада оюндарында эки коло, 2016-жылкы Олимпиадада күмуш медал тагынган.

"Р-Спорт" телеканалы билдиргендей, Забелинская өзбек жарандыгын быйыл 5-июлда алган.

XS
SM
MD
LG