Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Ысыкта суудан өксүгөн конуш

Мээ кайнаткан ысыкта Бишкектин жаңы конуштарынын көбүндө таза суу чыкпай, жашоочулар кыйнала баштады.

Бишкектин четиндеги Жеңиш жаңы конушунда бир жумадан бери таза суу токтоп калган. Ичээрге суусу жок калган тургундар конуштан эки чакырым алыстыкта жайгашкан суу түтүгүнөн ташып ичишүүдө.

Ушу күндөрү Швецияда суу апталыгы өтүп жатат. Дүйнөнүн ресурстары институтунун билдиришинче, Кыргызстан 2040-жылдары “суу стрессине” кабылышы мүмкүн. Серепчилер суу башында турган Кыргызстандын табигый ресурстары сарамжал башкарылбай жатканын айтып келишет.

(Гүлжан Турдубаеванын сүрөт баяны)

XS
SM
MD
LG