Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

Шаардык шайлоо комиссиясы Суракматовду каттабоо тууралуу арызды четке какты


Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын имараты.
Бишкек шаардык кеңешинин жана мэриянын имараты.

Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы мэрликке талапкер Азиз Суракматовду каттабоо тууралуу активисттердин арызын канааттандырган жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы билдиргендей, "Биздин укук" коомдук фондунун жетекчиси Калича Умуралиева баштаган үч жарандын арызы 7-августта каралды.

Алар "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндөгү" мыйзамга таянуу менен "Суракматовду каттоодон баш тартуу, шаардык кеңешке башка талапкер көрсөтүү зарыл" деген маалымат жиберүүнү өтүнүшкөн. Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы бул арызды четке какты. Ошол эле учурда шаардык кеңешке эгер кызыкчылыктар кагылышы болсо, анын алдын алуу боюнча чара көрүүнү сунуш кылды.

Ушул эле күнү Азиз Суракматов да мындай нааразылыкка байланыштуу Бишкек тургундарына, шаардык кеңешке жана БШКга кайрылуу жиберди. Эгерде шайланып калса баш калааны өнүктүрүүгө, маселелерди чечүүгө бардык күчүн жумшоого, өз кызыкчылыгына алдырбай иштөөгө убада берген. "Кызыкчылыктар кагылышы жөнүндө" мыйзамды аткара турганын, жеке кызыкчылыктары тууралуу декларация берээрин да айткан.

Бишкек шаардык кеңешинде мэр шайлоо жалгыз талапкер Азиз Суракматовдун катышуусунда, атаандашсыз өткөнү жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG