Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:41

Талас: өрт өчүрүүчүлөргө "Кызыл жарым ай" тамак-аш жеткирүүдө


Таластагы өрт өчүрүүчүлөргө "Кызыл ай" коомунун жардамы/
Таластагы өрт өчүрүүчүлөргө "Кызыл ай" коомунун жардамы/

Таластагы Алмалуу тоо коругундагы өрткө каршы күрөшкөндөргө Кызыл жарым ай коомунун облустагы өкүлчүлүгү тамак-аш жеткирүүдө. Аталган коомдун Таластагы жетекчиси Дилдекан Шадыбекова билдиргендей, нан, суу, консерва, колбаса сыяктуу азыктар жөнөтүлдү.

Таластын Казакстан менен чектеш Манас районуна караштуу Жайылган айылындагы Алмалуу тоо коругунда өрт 28-июлда чыккан. Үч сыйра өчүрүлгөнүнө карабай, өрт кайра тутанып кетүү коркунучу бар экени айтылууда.

Аймакта Талас, Чүй, Жалал-Абад облустарынын өрт өчүрүү кызматтарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар болуп, 500 киши иштеп жатат. Эки жүз киши түнкүсүн кезметке турат.

7-августта Казакстан тарап да өз аймагындагы өрттү токтотууга 150дөй адам менен тик учак жиберген.

Расмий эсепте кыргыз тараптан миң гектардай жер күйүп кетти. Кырсыктын себеби азырынча тактала элек. Казак тараптан соккон шамалдан улам жалын тутанганы кабарланган. (AlS)

XS
SM
MD
LG