Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Шаардык сот Исаковдун камактагы мөөнөтү боюнча кассациялык арызды карайт


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкек шаардык соту бүгүн экс-премьер-министр Сапар Исаковдун камактагы мөөнөтү боюнча кассациялык арызды карайт.

Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" билдиргендей, жараян саат 15.30га белгиленген. Буга чейин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырган. Анын абактагы мөөнөтүн узартууну тергөө органдары өтүнгөн.

Адвокат Токтакунов Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон деп эсептеп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG