Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Сапар Исаковдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкек шаардык соту 9-августта мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды. Биринчи май райондук соту 31-июлда аны тергөө аяктаганга чейин камакта сактоо тууралуу чечим чыгарган эле.

Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов билдиргендей, жараян ачык өттү.

Адвокат "Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон" деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айып коюлган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган. (NT)

XS
SM
MD
LG