Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:56

Читадагы абакта эки соттолуучунун өлүгү табылды


Ярославль түрмөсүндөгү кыйноо тартылган видеодон алынган кадр.
Ярославль түрмөсүндөгү кыйноо тартылган видеодон алынган кадр.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы (ФСИН) Чита шаарындагы №5 түзөтүү колониясында эки соттолуучунун сөөгү табылганын билдирди. Жаза аткаруу кызматы түрмөнүн өндүрүштүк аймагында эки башка жерден табылган өлүктөрдө кыйнап өлтүрүүнүн белгилери жоктугун билдирди. Мекеме атайын иликтөө иштерин баштады.

Жакында ушул эле абактагы үч соттолуучу түрмө кызматкерлери аларды сабап, кыйнап, токко тарттырганын айтып даттанышкан.

Өткөн айда жергиликтүү сот Ярославлдагы №1 колониянын 11 күзөт кызматкерин камакка алууга жана дагы бирөөнү үй камагында кармоого чечим чыгарган. Алар айыпкер Евгений Макаровду токмоктоого катышкан деп айыпталууда.

20-июлда “Новая газета” Макаровдун сабалганы тартылган укук коргоочулардын колундагы видеону жарыялады.

ФСИНдин 24-июлдагы билдирүүсүндө 2017-жылы өлкөдөгү абактардан түшкөн бардык арыздарды териштирүү жүрөрү айтылат.

XS
SM
MD
LG