Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

Сапар Исаков тууралуу макаланы төгүндөө сунушталды


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия "Кабар-инфо" гезитине мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго байланыштуу жазылган макаланы төгүндөөнү сунуш кылды.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковдун аброюн коргоо максатында бул комиссияга 21-июнда арыз жазган.

Анда "Кабар-инфо" гезитинин быйылкы 15-июндагы санында Исаковдун аброюна шек келтирген, бир тараптуу каралаган макала чыкканы айтылат. Макалада Исаков менен "Газпром-Кыргызстан" компаниясынын ортосунда "мыйзамсыз кызматташтык болгону" белгиленген. Арыз ээси материалдын Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексине канчалык ылайык келерин териштирип берүүнү өтүнгөн.

Комиссия мүчөлөрү анда Кыргызстан журналисттеринин Этикалык кодексиндеги айрым эрежелер сакталбаганын аныктады.

"Азаттык" азырынча "Кабар-инфо" гезити кимге таандык экенин тактай алган жок жана басылма менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Кыргызстандын журналисттеринин 23 беренеден турган Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынган. Он жылдан ашуун убакыттан бери маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ыктыярдуу түрдө иштеп келатат. Комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт.

Быйыл апрелде премьер-министрликтен кеткен Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупцияга катышы бар деген негизде камакка алынган. Азыр ал КСДПнын төрагасынын орун басары.

XS
SM
MD
LG