Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Ооган талибдери Газни шаарында чабуул коё баштады


Газни шаарындагы кармаш. 10-август, 2018-жыл.
Газни шаарындагы кармаш. 10-август, 2018-жыл.

Ооганстандагы "Талибан" кыймылынын согушкерлери Газни шаарына чабуул коё баштады. Учурда жоочулар менен ооган армиясынын ортосунда айыгышкан кармаш жүрүп жатканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айтышты.

Газни провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Ариф Нури "France-Presse" маалымат агенттигине билдиргендей, 10-августтагы кармаштан кеминде бир ооган аскери мерт болуп, дагы жети жоокер жараланды.

Анын айтымында, аймакта жайкын тургундардын үйлөрү жана полиция бөлүмдөрү артиллериялык аткылоого да туш болууда. Ошондой эле көчөлөрдө ондогон талиб согушкерлеринин өлүктөрү жатат.

Газни шаары Ооганстандын баш калаасы Кабулдан түштүк-батышты көздөй 150 чакырым жерде жайгашкан. "Талибан" кыймылы бул шаардагы бир нече позицияга 9-августта кеч менен сокку ура баштаган.

"Талибдер ракеталарын эл жашаган аймактарга жана соода борборлоруна багыттап жатат. Акыркы сегиз саатта бир мүнөт да тынчтык болгон жок", - деп билдирди Газни провинциясынын расмий өкүлү "Reuters" агенттигине.

"Талибан" кыймылы Газни шаарындагы өкмөттүк имараттардын басымдуу бөлүгүн ээлеп алганын жарыялады. Талибдер кармаштан бир нече ооган аскерлери мерт болгонун айтып жатышат.

Май айында талибдер Ооганстандын батышындагы Фарах шаарына да кол салышкан. Анда бир күндүк кармаштан кийин ооган күчтөрү АКШнын аба соккуларынын коштоосунда согушкерлерди шаардан сүрүп чыгышкан.

XS
SM
MD
LG