Жалал-Абад шаарында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалды.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 9-августта шаардагы көчөлөрдүн биринен өз милдетин аткарып жаткан кызматкерди белгисиз айдоочу коюп кеткен. Жабыркаган инспектор ооруканага кайрылган.
Бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү” беренеси менен иш козголгон. Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Сузак районунун 31 жаштагы тургуну кармалып, эки айга камакка алынды. (BkA)