Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Бишкектеги жардыруу боюнча кылмыш иши козголду


Жардыруу болгон үйдүн алды. 10-август, Бишкек.
Жардыруу болгон үйдүн алды. 10-август, Бишкек.

Бишкектеги Исанов көчөсүндө 10-августта болгон жардыруу боюнча “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, милиция бул кылмышка шектүүлөрдү ыкчам издөө ишин жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектүүлөр кармала элек.

10-августта Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдында жарылуу болгон. Бул орусиялык ишкер Александр Гайдуковго кол салуу болушу мүмкүн экени айтылган.

Интернетте окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасма тарады. Анда ал үйгө орусиялык ишкер Александр Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот.

Андан Гайдуков жеңил жараат алган. 47 жаштагы Орусиянын жараны Александр Гайдуков Бишкекте "НС Информ Консалтинг», «BISHKEK-EXPO» жана «Кей суппро» аттуу үч ишкананын түзүүчүсү экени белгилүү болгон.

Бул адамга былтыр да дал ушул үйдүн алдында кол салуу болуп, бирок кылмыштын бети ачылган эмес.

XS
SM
MD
LG