Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:06

Каракол шаардык кеңеши мэрдин ишин кайра карайт


Данияр Арпачиев.
Данияр Арпачиев.

Каракол шаардык кеңеши мэр Данияр Арпачиевдин ишин кайра карап, эмне себептен ага ишеним көрсөтпөгөнүн негиздеп берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракунов ​билдирди. Анын айтымында, бул иш эс алуудан кийин октябрь айларынын соңунда каралышы ыктымал.

- Мэрдин отчету канааттандырарлык эмес деп табылган. "Андан мурдагысы да эске алынсын" деп кеткен. Биз жөн эле "жакпай калдың" деген жокпуз, шаар ичинде чындап жумуштар жүрбөй калган. Ар бир комиссия кайсы иш жүрбөй калганын конкреттүү көрсөтөт.

Каракол шаарынын мэрине ишеним көрсөтпөө тууралуу шаардык кеңештин сунушун премьер-министр колдобогонун 13-августта мэр Арпачиев өзү “Азаттыкка” билдирген. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул чечим тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн билдирди.

Буга чейин 31-июлда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары көпчүлүк добуш менен ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алган эле. Депутаттар мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иши канааттандырарлык болбогону менен түшүндүргөн. Арпачиев муну "партиялык кызыкчылыктан улам болду" деп билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG