Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Жарандык активист кыргыз тилин коргоп акция өткөрдү


Өндүрүш Токтонасыров. Архивдик сүрөт.
Өндүрүш Токтонасыров. Архивдик сүрөт.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мамлекеттик тилге болгон мамилени сындап, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында акция өткөрдү. Ал Бишкек шаарынын мэрин шайлоо учурунда кыргыз тилине одоно мамиле жасалганын белгилеп жатат.

Буга чейин мэрликке шайланган Азиз Суракматов талапкер кезинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлинен сынак тапшырган. Анын жыйынтыгында "Суракматов кыргыз тилин билет" деген чечим чыгарылган. Бирок бир катар жарандык активисттер мындай жыйынтыкка нааразы болуп, сынактын мыйзамсыз өткөнүн таануу боюнча сотко кайрылышкан. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул арызды кароодон баш тарткан болчу.

Мындай чечимге нааразы болгон Токтонасыров соттун чечимин сынга алып, мамлекеттик тилге жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG