"Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) “Ала-Тоо-24" каналынын журналисти Бурулай Пусурманкулованы сөгүп, акарат келтирди" деп иштен бошотулган Бишкек мэриясынын кызматкери Рустам Бейшеналиевдин жакындары журналистке каршы арызданды.
Бул тууралуу “Азаттыкка” Бейшеналиевдин апасы Калыгүл Бейшеналиева билдирди. Анын айтымында, арыз президенттик аппаратка, КТРКнын башкы директоруна, Байкоочу кеңешине жиберилди. Анда жаңжалга Пусурманкулованын да күнөөсү бар экени, эми өз кызмат абалын пайдалануу менен Бейшеналиевди бир тараптуу каралап жатканы айтылат.
“Телеканалдан улам-улам көрсөтүү балама жана биздин үй-бүлөгө абдан чоң моралдык-психологиялык басым болуп жатат. Пусурманкулова тарабынан дале болсо атайын каралоо жүрүп жатат”, - деп айтылат Бейшеналиеванын билдирүүсүндө.
Ошондуктан арыз ээлери Коомдук каналдын жетекчилигин келип чыккан кырдаалды обьективдүү карап чыгып, журналист Пусурманкулованын жоопкерчилигин кароону өтүнүшкөн.
Ал эми Бурулай Пусурманкулова Бейшеналиеванын айткандарын кескин түрдө четке кагууда. Ал Бейшеналиев кесиптик ишмердигин жүргүзүүгө тоскоол болуп, орой түрдө кадыр-баркына шек келтиргенин билдирди:
- Биринчиден, мен журналист болбой эле, жөнөкөй жаран же аялзаты катары ал кызматкер мени сөккөнгө кандай акысы бар? Мен да, ал киши да кызматтык милдетин аткарыш үчүн келген. Мындай кырдаалда өтө орой түрдө сөгүп, кесиптешимди коркутканга эч кандай укугу жок болчу, -деди Пусурманкулова.
Журналист эгер Бейшеналиевдер өзүнө карата негизсиз доомат артуусун токтотпосо милицияга кайрылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.
Журналист Бурулай Пусурманкулова 8-августта "Фейсбуктагы" баракчасына видео жарыялаган. Анда Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын өкүлү, Рустам аттуу кызматкер журналисттерге катуу сөз айтып, кагып-силккени жана сөккөнү тартылып калган.
Ошондон кийин Бишкек мэриясынын этикалык комиссиясы Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиевди кызматтан бошотуу жөнүндө чечим чыгарган. (BkA)