Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:43

Түркияда сот Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлүн камактан бошотту


Танер Кылыч
Танер Кылыч

Түркиянын соту өлкөдөгү адам укугунун абалына көз салган Эл аралык Мунапыс уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн башчысы Танер Кылычты эркиндикке чыгарды.

Уюмдун иликтөөчүсү Эндрю Гарднер "Твиттер" баракчасына “Жакшы кабар. Стамбулдун соту Мунапыс уюмунун ардактуу жетекчиси Танер Кылычты бошотту” деп шаршембиде жазды.

“Анын бошотулушун күтүп жатканбыз. Эми майрам башталат” – деп жазды уюмдун өкүлү.

Танер Кылыч жана дагы 22 адвокат АКШдагы диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылына байланышы бар деген шек менен Измир провинциясында 2017-жылдын жайында камалышкан.

2016-жылкы аскерий төңкөрүш аракетинен бери Түркияда 50 миңдей адам камакка алынды, аскерлерди, полицейлерди, мугалимдерди, мамлекеттик кызматчыларды кошкондо 150 миңдей киши иштен бошотулду.

XS
SM
MD
LG