Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Маданият – Жалал-Абад жолунун курулушу октябрда башталат


Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулушу. Тогуз-Торо району.
Түндүк-түштүк альтернативалуу жолунун курулушу. Тогуз-Торо району.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад облустарындагы эки күндүк иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош автожолунун Маданият - Жалал-Абад участогунун курулуш долбоору менен таанышты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов бул участок 2018-жылдын октябрында башталарын билдирди. Анын айтымында, 2018-жылдын 11-июнунда азербайжандык «АZVIRT Limited Company» компаниясы менен кол коюлган келишимдин алкагында башкы жалдануучу долбоорду кеңири иштеп чыгуу, жол курулуш техникасын жана жабдуусун мобилизациялоо иштерин баштады.

Жаңыланып салына турган жолдун жалпы узундугу 67 чакырым. Жол курулушунан тышкары беш көпүрө, 165 чакан жасалма курулуш, базарлардын жанындагы парковкалар, тротуарлар, калктуу пункттарда аялдамалар салынат. Долбоор 2018-2022-жылдардын аралыгында ишке ашырылат. Долбоорду Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы каржылайт.

Бул долбоордун жалпы баасы 120 миллион долларды түзгөн жана анын 100 миллион долларын Азия өнүктүрүү банкы каржыламакчы. Ал акчанын 65 миллиону жеңилдетилген насыя, калган 35 миллион доллары грант түрүндө берилет.

Буга чейин тендерди уткан "China Railway" компаниясына байланыштуу чуу чыккан. Былтыр ошол кездеги министр Замирбек Айдаров бул кытайлык компаниянын кызыкчылыгын колдоп, тендердик комиссиянын ишине кийлигишти деген негизде кызматтан кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG