Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Тажик бийлиги Орусиядагы мигранттарды суракка чакырып жатат


Даңгарада чет элдик туристтерге кол салуу болгондон кийин, 29-июль, 2018-жыл.
Даңгарада чет элдик туристтерге кол салуу болгондон кийин, 29-июль, 2018-жыл.

Тажик бийлиги 29-июлдагы чет элдик туристтерге кол салууга шектүү беш кишини камакка алып, окуяга тиешеси бар адамдарды издөөнү кеңейтти.

Орусияда иштеп жүргөн 20 мигрант мекенине суракка чакырылганын коңшу өлкөнүн тергөө органдары ырастады. 

Тажик полициясы өткөн аптада өлкөнүн түштүгүндөгү Нурек шаарында беш киши кармалганын билдирди. Фарход Давлатов жана анын уулу Абдулмумин, Бахтовар Салохиддинов, Киёмиддин Курбанов жана Бахтиёр Солехов камакка алынды. Аларга ага-ини Жафариддин жана Аслиддин Юсуповдордун "экстремисттик топко мүчө экенин билишкен" жана ал тууралуу атайын органдарга "өз маалында билдирген эмес" деген айып тагылды.

“Ага-ини Юсуповдор аларды экстремисттик топко кошулууга үндөгөн, бирок алар макул болушкан эмес. Кармалгандар көңүлкоштук кылып, бул тууралуу бийликке билдирбей коюшкан. Алар өз маалында тиешелүү жерге кабар бергенде чет элдик туристтерге кол салуу болмок эмес” деди атын атабаган расмий өкүл "Азаттыктын" тажик кызматына.

Жергиликтүү бийлик өкүлү Абдурахмон Гулов жогоруда кармалгандар Орусияда иштеген тажикстандык эмгек мигранттары экенин бышыктады.

29-июлда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырымдай жердеги кан жолдо саякатчыларды белгисиз адамдар күтүүсүздөн жеңил машине менен сүздүрүп, андан соң автоунаадан чыгып, бычак жана курал менен кол салышкан. Окуядан Нидерланд менен Швейцариянын бирден, ошондой эле АКШнын эки жараны мерт болгон.

 

XS
SM
MD
LG