Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

Жээнбековго жолуккусу келгендер жазаланды


Президент Сооронбай Жээнбеков Ноокендеги жолугушууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков Ноокендеги жолугушууда.

Ноокенде президентке жолукканы барып, жолугушууга кире албай калган аялдар сот жообуна тартылды. Өлкө башчысына өз маселелерин айтууга барган аялдарды милиция беш саат кармап, "коопсуздук кызматкерлеринин талабына баш ийген жок" деген таризде жоопкерчиликке тарткан. Аймактын тургундары жана жергиликтүү укук коргоочулар президент жергиликтүү тургундар эмес, алдын ала даярдалган мамлекеттик кызматкерлер менен жолугушканын айтышууда.

Ноокен райондук соту 15-августта Сакалды айылынын тургундары, 51 жаштагы Бурулкан Ибрагимованы, 64 жаштагы Жыпархан Мусаеваны жана 47 жаштагы Махидилхан Абдимиталипованы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 371-беренеси менен (“Ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо”) күнөөлүү деп таап, ар бирине 500 сомдон айыппул салды. Айыпталгандардын бири Бурулкан Ибрагимова окуяны мындайча баяндады:

Бурулкан Ибрагимова.
Бурулкан Ибрагимова.

- 15-августта Жээнбеков менен Кочкор-Ата шаарындагы маданият үйүнө жолугушууга барганбыз. Катышуучулар тизме аркылуу киргизилип жатканын айтып, бизди залга кое беришкен жок. Коопсуздук кызматкерлеринен "келбей калган адамдардын ордуна кирели" деп сурансак, алар "тактап жообун айтабыз" деп тим болушту. Биз артка кайткан учурда көчөдөн милиция кармап, унаасына салып, Кочкор-Ата шаарындагы аймактык милиция бөлүмүндө беш саат кармады. Түшүнүк кат жаздырып, кечки саат 18:30дар чамасында сотко алып барышты. Кечки саат алтылар чамасында Ноокен райондук соту үчөөбүзгө 500 сомдон айыппул салды. Бизге жактоочу да беришкен жок. Райондук соттун судьясы сот учурунда бизге сөз да берген жок. Тескерисинче милиция кызматкерлерин катуу кагып, айыпталуучулардын үстүнөн эч нерседен коркпостон айып коюуга буйрук берип жатты.

Ноокен районунун Сакалды жана Арал айылдарынан чогулган беш аял алгач жергиликтүү бийликке президент менен жолугушуу үчүн түзүлүп жаткан тизмеге кошуп коюу өтүнүчү менен кайрылган. Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы жолугушууга саналуу гана муниципалдык кызматкерлер барарын айтып, аялдарды тизмеге кошкон эмес.

- 14-августта президенттин Кочкор-Ата шаарында эл менен жолугушаарын угуп, райондук администрацияга жана Сакалды айыл өкмөтүнө кайрылганбыз. Айыл өкмөт башчысы тизме толуп калганын, жолугушууга барса болоорун бизге оозеки эскерткен. Президенттин жолугушуусуна тизмеде жоктугубуз үчүн киргизилген жокпуз. Коопсуздук кызматынан келбеген адамдардын ордуна киргизүүнү өтүндүк. Алар ага макулдук берген жок. Айрым жергиликтүү бийлик башчылары бизди бул жерден алып кетүүнү милицияга табыштады. Биз өз алдыбызча кетүүгө макул болдук. Артка бараткан жолдо, милиция унаа менен келип кармап кетти,- деди Бурулкан Ибрагимова.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, милиционерлер аялдарды үйлөрүнө кайтып бараткан учурда эмес, ызы-чуу жасап, жыйынга кирүүгө күч менен аракет жасаган кезде кармашкан. "Алар Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмчөсүнө жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана ашыкча мыйзамсыз күч колдонулган эмес", - деп айтылат расмий маалыматта.

Ноокен районунун акими Эркинбек Маматаев бул маалыматты тастыктап, учурда райондук комиссия окуянын чоо-жайын териштирип жатканын билдирди:

- Президент менен жолугушуу өтүүчү зал чакан болгондуктан көпчүлүктү чакыра алган жокпуз. Бизге берилген тизме боюнча айыл өкмөттөргө бөлүп берип, алар кимдерди алып келүүнү өздөрү чечишкен. Негизинен өлкө башчысы менен жолугушууга облустан келген жетекчилер, министрлер жана айрым депутаттар жана райондук аткаруу бийлигинин башчылары катышты. Жогорудагы эжелер 16-августта мага арыз менен кайрылышты. Учурда райондук комиссия ал окуяны текшерип жатат.

Ноокендеги жолугушуу.
Ноокендеги жолугушуу.

Президент менен Кочкор-Ата шаарынын 470 орундуу маданият үйүндө өткөн жолугушууга Ноокен, Базар-Коргон жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары чакырылган. Бирок ар бир айыл өкмөттөргө бөлүнгөн 23 орундук муниципалдык жана жетекчилик кызматкерлерден арткан эмес. Укук коргоочу жана жергиликтүү активист Айгүл Нуркамилова президент аймактарды кыдырууда карапайым тургундар менен ачык жолугушууга барышы керек деп эсептейт:

Эгер президент бул жагдайды билсе, сөзсүз чара көрүлөт деген ойдомун.

- Эки райондун жана бир шаардын тургундары менен 400 орундуу кичи залда жолугушканы туура эмес. Өлкө башчысы ар бир тургундун үнүн угуш үчүн чоң стадионду тандашы керек болчу. Мен да президент менен жолугушууга барсам, 10-бөлүмдүн кызматкерлери тоскоолдук кылып, жолуктурбай коюшту. Ноокенден келген бир топ тургундарды милиция колун кайрып көчөдөн кармап кетти. Ошол жердеги адамдардын айтуусунда, президент маданият үйүнүн эшигинен эмес, арт жагындагы кошумча эшик аркылуу кириптир. Президенттин эл алдындагы аброю ушундай жагдайлардан улам түшөт. Массалык маалымат каражатары аркылуу айтып жаткан реформалары жана сөздөрү иш жүзүндө төп келбей жатканы байкалып жатат. Атайын уюшулган мамлекеттик кызматкерлер менен эмес, көйгөйүн айтканы келген эл менен жолугушса болмок. Жергиликтүү бийлик да мурункудай кошоматчылыкты жана жасакерленүүнү токтотушу керек. Эгер президент бул жагдайды билсе, сөзсүз чара көрүлөт деген ойдомун.

Жоопко тартылган аялдар.
Жоопко тартылган аялдар.

Жалал-Абаддын Ноокен районунда президент Сооронбай Жээнбековго жолугам деп, сот жообуна тартылган аялдардын иши териштирилет.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева окуянын чоо-жайын Ички иштер министрлиги тактап жатканын "Фейсбукка" жазды.

"Ноокен районунун акими бул апалар менен жолугат, алардын арыздарын мазмунуна карата тийиштүү мамлекеттик органдар карап чыгат. Эгер президентке тийиштүү болсо, Президенттин аппараты жооп берет. Ноокен районунун акими бизге билдиргендей, эгерде апалар айып төлөгөн болсо, аларга акча кайтарылып берилет"- деди Стамалиева.

Ноокен районунун айрым тургундары бул аялдар мурдагы бийлик тушунда түрдүү себептер менен нааразылык акцияларына чыгып жүргөнүн, митинг-пикеттерге дайыма катышып келгенин билдиришти.

Жогорудагы аялдар 9-июлда Бишкек шаарына барып, президенттин атына талаштуу жер тилкелери боюнча кайрылуу ташташкан. 15-августта Кочкор-Ата шаарына келген президенттен анын жообун алуу максатында барышкан.

15-16-август күндөрү президент Сооронбай Жээнбеков Ош жана Жалал-Абад облустарына жумушчу сапар менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушканы айтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG