Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

ДСУ Көчмөндөр оюндарында тамекини чектөөнү сунуштады


Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, сентябрь, 2014-жыл.
Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, сентябрь, 2014-жыл.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кыргыз өкмөтүнө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тамеки тарткандарга өзүнчө жай уюштурууну, коомдук жайларда чылым чегүүгө жол бербөөнү сунуштады.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Ярно Хабихттин айтымында, бул сунушка азырынча бийлик жооп бере элек. "Оң жооп болсо, анда оюндардын эл аралык аброю артып, таанымал болмок" деген пикирде Хабихт.

Өкмөттүн басма сөз кызматы мындай сунуш келип түшкөнүн тастыктап, бул боюнча иш-план каралып жатканын билдирди.

“Азаттык” радиосуна маек курган Ярно Хабихт чылым тартуунун айынан пайда болгон ооруларга да токтолуп, Кыргызстанда тамеки тарткандар мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайып баратканын белгиледи.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG