Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Бишкек мэри сейил бак курууда азербайжан элинен жардам күтөт


18-августтагы жыйын.
18-августтагы жыйын.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов Гейдар Алиев атындагы парк үчүн берилген жерге сейил бак курууну сунуштап, азербайжан эли өз лидерин колдоп, буга көңүл бурат деп ишенерин белгиледи. Мындай пикирин 18-августта мэрияда жашыландырууу, парктарды калыбына келтирүү маселесине арналган жыйында айтты.

Андан тышкары мэр адистер Түркиянын элчилиги менен сүйлөшүп, Мустафа Кемал Ата-Түрк атындагы сейил бакка бөлүнгөн каражатты колдонуп, паркты көрктөндүрүү керектигин билдирди.

Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Суракматов сейил бактарга берилген жерлердин чек арасын тактоо, парктарга таандык жайлардын жеке менчикке өтүп кетишинин мыйзамдуулугун карап чыгуу, жаңы конуштарды жашылдандыруу өңдүү маселелер боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле сейил бактарды оңдоодо бизнес өкүлдөрү жана чоң ишканалар менен кызматташуу, веоложолдорду куруу демилгесин көтөрдү.

Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп 8-августта шайланган.

XS
SM
MD
LG