Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:06

Улуттук банкка баш ийбеген микрокредиттик агенттиктин иши токтотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк Ысык-Көлдөгү “Ишкер” микрокредиттик агенттигине берилген күбөлүктү 23-августтан тартып токтотот.

Банктан алынган маалыматка ылайык, агенттик Улуттук банк берген буйруктарды аткарбай, текшерүү иштерине каршылык көрсөткөн. Буга байланыштуу банк 2003-жылы берилген күбөлүктү жараксыз деп табуу тууралуу чечим кабыл алган.

Кыргызстанда 96 микрокредиттик ишкана Улуттук банктан каттоодон өткөн. Алар жарандарга насыя берүү жаатында иш алпарат. (BkA)

XS
SM
MD
LG