Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Камактагы саясатчылар ачкачылыгын улантууда


Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.
Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров.

Камактагы оппозициячы саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык акциясын улантууда.

Бул тууралуу алардын адвокаты Данияр Маманов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, саясатчылар Жогорку соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, ушундай кадамга барышкан. Учурда саясатчылар суу гана ичип, тамактан баш тартып коюшкан. Абактагылар ачкачылыкты токтотуу боюнча адвокаттын кайрылуусуна макул болушкан эмес. Абактагы саясатчылар аларга өкүм чыгарган Жогорку соттун судьяларынын жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылып жатышат.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Буга чейин Асанов жана Кадыров УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармаган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG