Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Түндүк Корея ИКАОнун текшерүүсүнө макул болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түндүк Корея Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эксперттерин өз аймагына киргизүүгө макул болду.

ИКАОнун Монреалдагы кеңсеси кабарлагандай, эксперттер эл аралык авиакаттамдар Түндүк Кореянын ракеталык полигондору аркылуу өтпөгөнүнө көз салышы керек. Буга чейин Пхеньяндын өкүлү инспекторлор барганда ушундай кепилдик болооруна убада берген.

Дүйнөнүн 192 өлкөсү мүчө болгон ИКАО 2019-жылы Түндүк Кореянын ракеталарды сынаганы тууралуу эл аралык жарандык авиация тармагына маалымдаш үчүн кандай чара көрүлүп жатканын да текшериши керек.

2017-жылы Түндүк Корея жарандык авиацияга коркунуч келтирген аракеттерге токтотууга убада берген. Андай аракетттердин катарына алыска учуучу ракеталарды сыноо да кирет.

Пхеньян мындай сыноо иштерин жүргүзсө алдын-ала маалымат берүүгө милдеттенме алган. Былтыр Түндүк Корея көптөгөн ракеталарды учурган. Анысы аймактын үстүнөн өткөн учактарга коркунуч келтирген. Маселен, июлдун аягында Токиодон Парижге учуп бараткан "Air France" компаниясынын учагынын багыты бир нече мүнөт мурда ракета учуп өткөн тилкеге туш келген эле.

XS
SM
MD
LG