Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Дарыгер токко урунган жоокердин абалы тууралуу маалымат берди


Жабыркаган жоокер Руслан Сапарбаев. Сүрөттү жарыялоого анын жеңеси Гүлмира Кашкараева уруксат берди.
Жабыркаган жоокер Руслан Сапарбаев. Сүрөттү жарыялоого анын жеңеси Гүлмира Кашкараева уруксат берди.

Бишкек шаарындагы №4 оорукананын күйүк-жараат бөлүмүнүн дарыгери Владимир Плаксин кезмет учурунда токко урунуп, оор жаракат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин абалы жөнүндө маалымат берди. Ал жоокерге керектүү операция жасалып, оң колу ампутация кылынганын, сол колун да кесүү коркунучу бар экенин билдирди.

- Жоокер электрден жабыркагандан кийин бизге 10-августта келип түшкөн. 17-августта операция кылып, оң колун чыканагынан өйдөрөөк ампутация кылып салууга туура келди. Ошондой эле анын көкүрөк тушундагы омурткасы да оор жаракат алган. Азырынча сол колу көзөмөл астында, кесип салууга көрсөтмө бериле элек. Ампутация болобу-жокпу, так айтыш кыйын. Аны дарыгерлер кеңешип, анан чечебиз. Азыр абалы оор, бирок туруктуу. Температурасы улам-улам 38 градустан көтөрүлүп жатат. Колубуздан келишинче дарылап жатабыз, - деди Владимир Плаксин.

Буга чейин жоокердин жакын тууганы Гүлмира Кашкараева “Азаттыкка” кайрылып, Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн анын иниси Руслан Сапарбаев токко урунуп, оор жаракат алганын кабарлаган. Ал жоокер постто турган кезде электр тактайчасындагы зымдарга тийип, күйүп калганын айткан эле.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, окуя 8-августта болгон. Жабырлануучу алгач Жалал-Абаддагы, кийин Оштогу ооруканага жаткырылган. Эки күндөн кийин Бишкекке алынып келинген.

Кашкараева күчтүү дарыгерлерди тартып, анын экинчи колун сактап калууга жардам берүүнү бийликтен өтүнүүдө. Ал ошондой эле бул ишти гарнизондук аскер прокуратурасы жетиштүү иликтебей жатканын айтып даттанган.

Окуя боюнча Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы түшүндүрмө бере элек. Мурдараак Башкы штабдын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева эс алуу күндөрү аяктаган соң - 22-августта маалымат берилерин билдирген.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну. Ал быйыл жазында аскерге кызмат кылууга кеткен, бирок кайсы бөлүмдө кызмат өтөгөнү айтыла элек. Маалым болгондой, Майлуу-Суу шаарында №30295 аскер бөлүгү бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG