Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Иранда “Total” компаниясы ишмердигин токтотту


Парижде жайгашкан “Total” компаниясынын баш кеңсеси, 16-май, 2018-жыл.
Парижде жайгашкан “Total” компаниясынын баш кеңсеси, 16-май, 2018-жыл.

Француздардын мунай жана газ иштеткен “Total” компаниясы Ирандагы долбоорлорун жаап, өлкөдөгү ишмердигин расмий токтотту. Буга Вашингтондун Тегеранга экономикалык санкцияларды кайра киргизгени себеп болду.

Бул тууралуу Ирандын мунай министри билдирди. Анын айтымында, Иранда “Total” компаниясы чалгындап жаткан ири газ кени эми Кытайдын мамлекеттик ишканасынын колуна өтөт.

Кошмо Штаттар Иранга киргизилген санкцияларды бузуп, Тегеран менен кзыматташкан компаниялар дагы айыпка жыгыларын эскерткен.

Евробиримдикке кирген өлкөлөр Вашингтондун өзөктүк макулдашуудан чыгып кеткенин туура көрбөй, Тегеран менен келишимди сактап калуу ниетин билдирген. Евробиримдик Иранда иш жүргүзгөн компанияларды колдоо үчүн атайын чараларды бекиткен. Бирок ошол эле маалда европалык лидерлер көпчүлүк ишканалар Вашингтондун санкциясынан чочуп, Ирандан кетээрин моюнга алышат.

Дүйшөмбү күнү Ирандын тышкы саясий мекемесинин өкүлү Евробиримдиктин өлкөлөрүн, Орусияны жана Кытайды “өзөктүк макулдашууну” сактап калуу үчүн болгон аракетти көрүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG