Кыргызстанда курулуш тармагына байланыштуу ишканалар көбөйүүдө. Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматына караганда, быйыл алардын саны 6 миң 578ди түздү. Былтыр бул көрсөткүч 329га азыраак болчу.
Быйыл жыл башынан бери курулуш тармагындагы дүң өнүмдүн көлөмү 54 миллиард 300 миллион сомго жетти.
Бул багыттагы инвестициялардын басымдуу бөлүгү кен казуу, кайра иштетүү, электр менен камсыз кылуу, унаа ишмердүүлүгү жана турак жай курулушуна жумшалган. (RK)