Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Орусия "Талибанды" Москвадагы сүйлөшүүлөргө чакырды


Сергей Лавров.

Ооган талибдеринин өкүлдөрү кийинки айда Москвада өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышканы жатышат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, Орусия «Талибан» кыймылын 4-сентябрга пландалып жаткан жолугушууга чакырды жана алгачкы алган жообу оң болду.

- Биз талибдер менен байланышып турарыбызды эч убакта жашырган эмеспиз. Алар ооган коомунун бир бөлүгү, - деди Лавров.

21-августта ооган бийлиги баш калаа Кабулдун борборунда президент Ашраф Гани Курман айт майрамы менен элин куттуктап жатканда ракета аткан үч согушкер өлтүрүлгөнүн билдирди. Ага чейин Гани “Талибанга” атышууну токтотууну сунуш кылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG