Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:00

Кадыров ачкачылыгын токтотту, Асанов улантууда


Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.

Ачкачылык кармап жаткан камактагы оппозициячы эки саясатчынын бири Кубанычбек Кадыров ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу ачкачылыгын токтотту. Бектур Асанов болсо дагы эле ачкачылык акциясын улантууда. Бул тууралуу алардын адвокаты Данияр Маманов “Азаттыкка” кабарлады.

Анын айтымында, Кадыровду дарыгерлер көрүп, абалы оорлоп кеткенин айтып, эскертүү беришкен. 21-августта кечинде анын кан басымы көтөрүлүп кеткен. 22-августта ал эртең менен суу, жеңил тамак иче баштаган. Ал эми Асанов соттун чечимин алгыча тамак ичүүдөн баш тартууда. Маманов белгилегендей, сот өкүлдөрү бүгүн-эртең соттун чечимин берүүгө убада беришкен.

Саясатчылар Жогорку соттун өкүмүн эки жарым айдан бери ала албай жатканына нааразы болуп, 16-августтан ачкачылык кармай башташкан. Абактагылар ачкачылыкты токтотуу боюнча адвокаттын кайрылуусуна макул болушкан эмес. Асанов менен Кадыров өкүм чыгарган Жогорку соттун судьяларынын жана төрайым Айнаш Токбаеванын жоопкерчилигин кароону талап кылып жатышат.

Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 2016-жылы март айында "бийликти басып алууга аракеттенген” деген айып менен камакка алынган. Жогорку сот алардын ишин 7-июнда карап, күнөөлүү деп тапкан, бирок жаза мөөнөттөрүн азайткан. Ага ылайык Асанов менен Кадыров сегиз жылга, алар менен кошо камакка алынган Эрнест Карыбеков 14 жылга кесилген. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловду төрт жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу боюнча буга чейинки чечим өзгөрүүсүз калган. Шаардык сот болсо Асанов менен Кадыровду 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан.

Буга чейин Асанов жана Кадыров УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевди кызматтан алууну талап кылып бир нече апта бою ачкачылык кармаган болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG