Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

АКШ менен Ооганстан Москва пландаган сүйлөшүүлөргө катышпайт


Ооганстан.
Ооганстан.

АКШ менен Ооганстан Москва кийинки айга пландап жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпайт. Кабул анын ордуна талибдер менен түз сүйлөшүүнү артык көрөт. Бул тууралуу Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Сибхатулла Ахмади билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим президент Ашраф Гани жана башка жетекчилер менен өткөрүлгөн талкуудан кийин кабыл алынды.

Айрым маалымат булактары ооган өкмөтү «Талибан» менен түз, чет өлкөлөрдүн ортомчулугусуз сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдиришти.

Орусия 4-сентябрга Ооганстан менен АКШны кошкондо 12 өлкөнү ооган жергесинде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө чакырып жатат.

Кошмо Штаттар бул жыйынга катышпай турганы билдирип, андан майнап чыгарына көзү жетпесин айткан.

«Талибандын» өкүлү Забихулла Мужахид Москва пландаган сүйлөшүүлөргө катышуу ниети бар экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG