Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:48

Жээнбеков Аралды сактоо багытындагы иштерди сындады


Арал деңизи мурда жана кийин.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Арал деңизин сактоо багытындагы иш-чаралар жетиштүү жүрбөй жатканын айтты. Мындай пикирин Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарындагы "Аваза" туристтик аймагында Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкө башчылардын жолугушуусунда билдирди.

Фонддун тутумун жана келишимдик-укуктук базасын өркүндөтүү тууралуу чечимге карабай, бул чөйрөдө өнүгүү жоктугун айткан Жээнбеков каржылык ачык-айкындуулук болушу керектигин кошумчалады.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө Жээнбековдун баяндамасынан төмөнкү цитата келтирилген.

«Азыр фонддун ченемдик укуктук документтеринде карама-каршылыктар бар, анын аткаруу органдарынын тутумунун натыйжасы жок. Фондго тартылган каражаттар боюнча отчеттуулуктун ачык-айкын механизмдери жок. Фонддун уставдык органдарын жайгаштыруу орундары тең салмактуу эмес, ошондой эле алардын көп жылдар бою иштеп келаткан жетекчилерин ротациялоо механизми жок», - деди президент.

Ал эми Өзбекстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан кабарга ылайык, Арал деңизинин кургап калган аймагындагы 700 миң гектар жерге чөлдө өсө турган өсүмдүктөр тигилген.

Аралды сактоо фонду 1993-жылы негизделген. Аны ачуу келишимине Борбор Азиянын беш мамлекети кол койгон. Cоолуп бараткан Арал деңизи Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан. Фондду эл аралык уюмдар каржылайт.

Өзбекстан Арал деңизинин айланасындагы аймакты өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 2,6 миллиард доллар сарптоону көздөп жатат. Президент Шавкат Мирзиёев кол койгон тиешелүү токтом 2017-жылдын 30-январында күчүнө кирген.

Кыргызстан Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтотконун жарыялаган эле.

Түркмөнстандагы Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусунда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында суу-энергетикалык маселелердин бардык багытын талкуулоо үчүн ар дайым ачык экенин белгиледи.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG