Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Трамп Помпеону Түндүк Кореяга барбай турууга чакырды


АКШ президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы Майк Помпеодон эмки аптада Түндүк Кореяга пландалган иш сапарын токтотууну сурады.

Бул тууралуу "Твиттерге" жазган Трамп Пхеньян жарым аралды куралдан арылтуу жаатында жумуш жасай электигин билдирди. Ошондой эле ал Түндүк Кореянын милдеттенмелерин аткартууга Кытайдын жасаган аракети да майнапсыз болуп жатканын кошумчалады.

Быйыл июнда Сингапурда Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугушкан.

"Кылым жолугушуусу" деп сыпатталган саммитте "Корей жарым аралын куралсыздандыруу" зарылчылыгын, Түштүк Корея менен ымаланы бекемдөө маселелери сүйлөшүлгөн.

XS
SM
MD
LG