Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Ооган жоочулары чек арадан эки тажик жаранын атып өлтүрдү


Тажик-ооган чеги
Тажик-ооган чеги

Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Фархор аймагынын үч тургуну «Нива» автоунаасы менен бараткан жеринен ооган тараптан ок атууга дуушар болушту. Эки киши өлүп, бирөө жараат алды.

Жабыркаган үчөө тең токойчу болгон: 1965-жылы туулган Саидов Амирхон Амирович жана 1958-жылы туулган Сангаков Давлат Раджабович каза тапты, Рахмонов Сафархон Бурихонович - жарадар болгон.

Тажикстандын чек ара кызматы азырынча комментарий берүүдөн баш тартууда. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, окуя болгон жерде бийлик өкүлдөрү, күч органдары жана тик учактар жүрөт.

Ооганстандын чектеш Тахор провинциясынын полициясынын басма сөз катчысы Халил Асирдин айтымында, оогандыктар бул окуя тууралуу кабардар, бирок анын артында ким турары азырынча белгисиз. Ал ок чыккан аймак азырынча талибдердин колунда экенин кошумчалай кетти.

Жаз айында Душанбедеги конференциялардын бири учурунда тажик чек ара кызматынын башчысы Раджабали Рахмонали чек аранын ооган тарабында 7 миңге чукул согушкер чогулуп турганын жана ал кооптонуу пайда кылаарын айткан эле.

Тажикстан менен ооганстандын жалпы чек ара тилкеси - 1400 км. Анын айрым жерлеринен экстремисттер менен баңгизат аткезчилери ары-бери каттап турушат.

XS
SM
MD
LG