Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:50

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча кайра тендер жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Онлайн-аукцион үзгүлтүккө учурагандан кийин “Коопсуз шаар” долбоору боюнча тендер бешинчи жолу жарыяланды. Бул тууралуу 27-августта “Азаттыкка” Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров билдирди.

- Болуп өткөн сынакты тендердик комиссия жараксыз деп тапты. Ошол эле комиссиянын курамын бекитип, биз сынакты кайра жарыяладык. Техникалык тапшырмалар, критерий жана башка сынактын документтери ошол эле боюнча калды. Сынак өзү 4-сентябрь күнү өтөт, башкача айканда документтер 4-сентябрда ачылат, - деди Кубаныч Шатемиров.

Ал ошондой эле мурдагы сынактын болбой калышына алардын кызматкерлеринин түз тиешеси жок экенин кошумчалады.

23-августта "Коопсуз шаар" долбоору боюнча аукционду өткөрүп жаткан Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулуп, тендер үзгүлтүккө учураган. Журналисттердин көз алдында система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, 50,5 млрд. сом сунуш кылган "Мегалайн" фирмасын жеңүүчү деп таап койгон. Ал эми “Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 2,5 млрд. сомго тендер жарыяланган.

Мамлекеттик сатып алуу департаментинин директору Улан Өзүмбеков онлайн-аукциондун үзгүлтүккө учураганы катачылык эмес экенин Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында айткан. Ал “фирма сунуш кылган сумма көп көрсөтүлгөнүн автоматтык система тендерди бузуу аракети катары эсептегенин, натыйжада “Мегалайн” компаниясынын суммасын гана ачыкка чыгарып койгонун” белгилеген.

Өкмөттүн коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыз кылууну көздөгөн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу аракети бир нече жылдан бери аткарылбай келет. Былтыр үч жолу сынак өткөрүлүп, Кытайдын жана Орусиянын компаниялары утканы айтылган, бирок иш андан ары ордунан жылбай, тараптар соттошкон. (ErN)

XS
SM
MD
LG