Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:01

Левада: Орусияда улутчулдук күчөдү


Дагестандагы мекемелердин бирине илинген эскертме.

"Левада-борбордун" сурамжылоосуна ылайык Орусияда башка улут өкүлдөрүнүн жашоосуна каршы болгондор кескин көбөйдү. Бул тууралуу "Ведомости" гезити жазды.

Сурамжылоого катышкандардын 32% цыгандарды жактырбай турганын айтышкан. Бул көрсөткүч былтыр 17% болчу. Кытайлыктарды жаман көргөндөр 15 пайыздан 31 пайызга жеткен.

"Өкмөт мигранттардын агымын чектеши керек" дегендер быйыл 67% жетип, былтыркыдан он пайызга көбөйгөн.

"Сова" талдоо борборунун жетекчиси Александр Верховский улутчул маанайдын жайылышын алдыда күтүлүп жаткан экономикалык кыйынчылыктарга байланыштырууда.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG