Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги Ысык-Көлдүн булганыч жерлерин аныктады


Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин Ысык-Көлдөгү лабораториясы. Суунун курамын изилдөө учуру.
Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин Ысык-Көлдөгү лабораториясы. Суунун курамын изилдөө учуру.

Ысык-Көлдүн балык чарба категориясындагы үч участогу химиялык жактан булганыч экени аныкталды. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Лабораториядан чыккан баштапкы маалыматтарга ылайык, Чолпон-Ата шаарындагы Түп булуңундагы сууда мунай продуктулары уруксат берилген нормадан 1,6 эсе, ал эми “Алтын кум” (“Золотые пески”) пансионатынын жээгиндеги сууда мунай продуктулары 4,4 эсе ашыкча экендиги такталды.

Балыкчы шаарындагы кемелерди оңдоочу заводдун айланасындагы сууда үч зыяндуу зат бар экени белгилүү болду. Бул жээкте нормадан мунай продуктулары 4,6 эсе, аммоний азоту 1,9 эсе жана нитрит азоту 1,5 эсе көп экени билинди.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги мунун себебин көлдө кемелер көбөйүп кеткени менен байланыштырды. Мекеме сууда сүзүүчү моторлуу транспорттордун санын кыскартуу тууралуу тийиштүү органдарга сунуш жиберилгенин кабарлады.

Бактыбек Рысалиев ошондой эле жээктеринде зыяндуу заттар аныкталган чарбалык объектилерге чара көрүүнү Экологиялык техникалык инспекция чечерин кошумчалады.

Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Ысык-Көлдүн суусуна жылына үч жолу мониторинг жасайт. Изилдөөнүн биринчиси май айында, экинчиси август айында жана үчүнчүсү октябрь айында өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG