Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Аянттагы эгемендик майрамына Отунбаева менен Атамбаев чакырылат


Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева.
Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева.

31-августта эгемендиктин 27 жылдыгын майрамдоого Бишкек шаарынын борбордук аянтына өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн эгемендүүлүк күнү менен Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында куттуктайт. Ошондой эле иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева да катышат.

Мындан сырткары, майрамга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы. (TSh)

XS
SM
MD
LG