Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Иранда “ондогон тыңчылар” камакка алынды


Махмуд Алави Иран парламентинин жыйынында. 2016-жыл.
Махмуд Алави Иран парламентинин жыйынында. 2016-жыл.

Ирандын чалгын министри Махмуд Алави 28-августта мамлекеттик телеканалда сүйлөп жатып өлкөдө “ондогон тыңчылар” камакка алынганын жарыялады.

Анын айтымында, “ондогон тыңчылар” коопсуздук күчтөрү Ирандын мамлекеттик органдарындагы тыңчыларды жана кош жарандыгы бар кишилерди аныктап жатканда камакка алды.

“Биздин душмандар биздин өлкөдөн каржылык жана башка амалдар аркылуу маалымат алууга аракеттенишет”,- деди Алави өз сөзүндө.

Ал кармалган адамдар качан камалганын же алар кайсыл өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылганын айткан жок, бирок алардын көбүнүн кош жарандыгы бар экенин кыйытты.

Иран кош жарандыкты тааныбайт жана андай адамдардын камалганын же айыпка жыгылганын көп ачыкка чыгара бербейт.

"Reuters" агенттиги келтирген маалыматка караганда, Ирандын тандалма аскердик бөлүгү - Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу акыркы жылдары кош жарандыгы бар кеминде 30дай адамды көбүнесе "тыңчы" деген айып менен камакка алган.

АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча 2015-жылкы келишимден быйыл май айында чыгып кеткенден бери Вашингтон менен Тегерандын мамилеси чыңалып турган учуру. (UE)

XS
SM
MD
LG