30-августта күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,
Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,
Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,
Бишкек шаарында түнкүсүн 12...14, күндүз 23...25 градус болот.