Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 04:52

Көкбөрү: бүгүн финалдык оюндар болот


Буга чейинки көкбөрү оюнундагы кармаштар. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 30-августта Эгемендүүлүк күнүнө карата көкбөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык оюндары болот. Анда үчүнчү орун үчүн “Сары-Өзөн Рассвет” менен “Шыралжын” командалары ойнойт.

Ал эми биринчи орунга Ысык-Көлдүн “Толкун” жана Талас облусунун “Бакубат-Талас” командалары ат салышат. Үчүнчү орун үчүн мелдештер түшкү саат 13:30да башталса, финалдык оюн 15:00дө болот. Оюндун жүрүшү "Азаттыктын" сайтында жана социалдык тармактардагы баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Оюндар Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында өтөт. Көкбөрү оюндарына чейин ипподромдо ат чабыштын түрлөрү боюнча жарыштар болмокчу. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG