Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:27

Трамп Кыргызстанды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата АКШнын президентти Дональд Трамп кыргыз элин жана президент Сооронбай Жээнбековду куттуктады.

Трамптын куттуктоосунда: “Акыркы 27 жылдан бери биздин өлкөлөр өз ара пайдалуу кызматташтык, сый жана өнөктөштүк мамиледе болуп келет. Алдыга кадам шилтөө менен биз Кыргызстанга жана жалпы эле Борбордук Азияга пайда алып келе турган аймактык кызматташтыкка салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз” деп жазылган.

Мындан сырткары, 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата коңшу өлкөлөрдүн жана Орусия, Түркия, Индия, Жапония мамлекеттеринин башчылары куттуктоо жөнөтүштү.

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду. Конституцияга ылайык Кыргызстан - демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат. (TSh)

XS
SM
MD
LG