Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Азиада-2018: Мушкер Азат Үсөналиев коло байге алды


Азат Үсөналиев.
Азат Үсөналиев.

Кыргызстандык мушкер Азат Үсөналиев ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында коло медаль тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 52 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Үсөналиев жарым финалда өзбекстандык Жасурбек Латипов менен таймашып, 4:1 эсебинде жеңилип, 3-орунду алды. Үсөналиев жарым финалдык таймашка чейин лаостук Ахасит Виенхайды (5:0), пакистандык Асит Сиед Мухаммадды (5:0), түндүк кореялык О Тае Бомду 5:0 эсебинде жеңип чыккан.

Ушуну менен кыргыз боксчуларынын Азия оюндарындагы таймаштары жыйынтыкталды. Буга чейин Арген Кадырбек уулу (60 кг.), Абдурахман Абдурахманов (69 кг.) жана Мирлан Тарабай уулу (49 кг.) чейрек финалда атаандаштарына утулуп калышкан.

18-августта башталган XVIII Жайкы Азия оюндары 2-сентябрга чейин уланат. Ага Азия чөлкөмүнүн 45 өлкөсүнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандан барган 150 адам спорттун 28 түрү боюнча күч сынашып жатат. Жалпысынан программада спорттун 40 түрү бар.

Учурда Кыргызстан 20 байге менен (эки алтын, алты күмүш, 12 коло) медаль алган өлкөлөрдүн катарында 22-орунда баратат. (SDz/TSh)

XS
SM
MD
LG