Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Орусияда заводдогу жарылуудан кеминде үч адам өлдү


Дзержинск шаары.
Дзержинск шаары.

Орусиянын Нижегород облусундагы ок-дары заводунда жарылуу болуп, кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. Дагы үч киши жарадар болду. Бул тууралуу куткаруу кызматындагы булактарына таянып "Интерфакс" агенттиги жазды.

"РИА Новости" жаңылыктар агенттигинин булагы "кырсык аммонал чыгаруучу цехтеги өндүрүштө катталды" деп баштапы маалыматты айтты.

Ок-дары чыгаруучу Свердлов атындагы завод Дзержинск шаарында жайгашкан. Азырынча коопсуздук эрежесинин бузулушунан улам жарылуу болгон деп болжолдонууда.

Жарылуунун кесепетинен өрт чыгып, ушу тапта өчүрүп жатышат. Өлгөндөрдүн жана жарадарллардын аты-жөнү такталууда.

XS
SM
MD
LG