Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

1-сентябрь Кыргызстанда билим күнү

Бүгүн, өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерде 1-сентябрь билим күнү белгиленип жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, мектептерде майрамдык салтанаттар уюштурулат. Айрым мектептерде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган сабактар өтөт. Иш-чаралар саат 10:00дө башталып, 11:00дө аяктайт. Мектепте окуу 4-сентябрдан башталат.

Бул күнгө байланыштуу Ош шаарында коомдук транспорт окуучуларды бекер ташый турганын кабарлашкан.

Расмий маалыматка ылайык, 2018-2019-окуу жылында 140 миң окуучу мектеп босогосун аттайт. Ар кандай себептер менен билим албай калгандардын саны 2000ден ашат. (TSh)

XS
SM
MD
LG